Жарым жылаңач кыз оюн талаага чуркап чыгып, футбол токтоду. Видео

Кинси Волански бул кылыгын "өмүр жашап өтүү үчүн берилген" деген позициясы менен түшүндүрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Англиядагы клубдар — "Тоттенхэм" менен "Ливерпулдун" Чемпиондор лигасындагы финалдык оюнун талаага жарым жылаңач болуп чуркап чыккан модель Кинси Волански токтотту.

Жарым жылаңач кыз оюн талаага чуркап чыгып, футбол токтоду. Видео

Америкалык модель артынан чуркаган күзөт кызматтын адамдарын караандатпай көк майсан оюн талаанын жарымына чейин жеткен.

Видео Twitter социалдык тармагына жарыяланган.

​Кыз "куугунчуларга" каршылык көрсөткөн эмес. Ал буйрукка баш ийип оюнчулардын ордосунан дароо чыгып кеткен.

Модель бул кылыгына өзүнүн Instagram баракчасына комментарий да жазган.

"Чемпиондор лигасындагы менин арыш салган учурум! Өмүр жашап өтүү үчүн берилген. Эсте кала турган жиндилик кадамдарды жасагыла", — деп жазган.

Финалда "Ливерпуль" жеңүүчү аталды.