Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды

Статком үч жылдын көрсөткүчүн салыштырган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстандын шаарларында мурунку эки жылга караганда азыраак турак жай эксплуатацияга берилген. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды

Мекеме акыркы үч жылдын көрсөткүчүн салыштырган. Турак жай эң аз курулган маал 2018-жылга туура келип, 371 миң чарчы метрди түзгөн. Бул 2016-жылы салынган там-таштын жарымы гана. Ал эми 2017-жылы 2,5 эсеге көп курулганы аныкталган.

Муну менен бирге шаар калкынын турак жай менен камсыздалышы тууралуу да маалымат берилди.

Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды

2016-жылы репспубликада бир кишиге 14,3 чарчы метр, 2017-жылы — 14,2, ал эми 2018-жылы 14,1 чарчы метр туура келгени айтылды.