Бишкекте талкаланган отургуч калыбына келтирилди. Сүрөт

Көпчүлүк бул вандалдардын колунан келгенин жазса, айрымдар ага бак кулаганын божомолдошкон.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Жаш Гвардия проспектисиндеги талкаланган отургучту калыбына келтиришти. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Бүгүн, 2-майда, "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасынын бир мүчөсү талкаланган отургучтун сүрөтүн жарыялап, нааразылыгын билдирген. Көпчүлүк бул вандалдардын колунан келгенин жазса, айрымдар ага бак кулаганын божомолдошкон.

"Тазалыктын" кызматкерлери маалымат чыгары менен окуя болгон жерге барып, отургучту оңдоп коюшту.