Жакшы көргөн тамагы — кишинин мээси. Коркунучтуу паразит табылды

Адамдын денесине үлүл жана таза жуулбаган жашылча-жемиш аркылуу кириши ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Гаваинин саламаттык сактоо департаменти жана ооруларды алдын алуу, көзөмөлдөө борбору кишинин мээсин жеген паразиттер тууралуу эскертүү берди. Бул тууралуу Sky News басылмасы жазды.

Өсүмдүктүн ширесин ашыкча ичүү өмүрдү кыскартары аныкталды
Маалыматка ылайык, адамдын денесине кирген мителер менингит оорусуна алып келип, адамды өлүмгө дуушар кылышы толук ыктымал. Адистердин айтымында, мите курттар адамдын денесине үлүл жана таза жуүлбаган жашылча-жемиш аркылуу кириши ыктымал.

Быйыл коркунучтуу мите беш кишиден чыкса, мурдагы жылы 10 кишиден табылган.