Айдоочу мерт болуп, беш киши ооруканада. Бишкек — Ош жолундагы кырсыктын сүрөттөрү

Милициянын маалыматы боюнча, Sprinter каршы тилкеге чыгып жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Кырсыктан бир киши набыт болуп, беш адам жаракат алды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 335-чакырымында, Кара-Көл шаарынын аймагында Sprinter оор жүк ташуучу Volvo унаасы менен кагышып, айдоочу каза болду. Бул туурасында Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июнга караган түнү саат 01.30дар чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен жүк ташыган Sprinter унаасынын айдоочусу набыт болгон. Анын Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиргенден кийин үзүлгөнү айтылат. Мындан сырткары, төрт жүргүнчү хирургия бөлүмүндө, бирөө реанимацияда жатат.

"Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны Кадамжай районунун Балкаш айылынын 28 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну башкарып Бишкектен Ошту көздөй бара жаткан. Каршы тилкеде келе жаткан Sprinter унаасы алдындагы машинадан ашып өтүүгө жетишпей калып Volvo менен кагышкан. Анын айдоочусу Ноокат районунун Калдай айылынын 35 жаштагы Т.М. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал үй-бүлөлүү, үч баланын атасы болгон", — деп айтылат мааылматта.

Жаракат алгандардын тизмеси:

— Т.А., 40 жаштагы аял, Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну;

— А.А., 36 жаштагы аял, Кара-Суу районунун Ачы айылынын тургуну;

— Ш.Т., 34 жаштагы аял, Ош шаарынын тургуну;

— Д.Р., 27 жаштагы жигит, Бишкек шаарынын тургуну;

— Г.С., 39 жаштагы киши, Бишкек шаарынын тургуну.