Кимдин колунан келди? Бишкектин паркындагы талкаланган отургуч. Сүрөт

Шаар тургуну отургучтун эмне болуп талкалангандыгын аныктоо керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Белгисиз бирөөлөр Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия проспектисиндеги отургучту талкалап кетишти. Бул туурасында "Бишкек сегодня" Telegram-тобунун катышуучуларынын бири жазды.

Сүрөт бүгүн, 2-июнда, тартылган. Жыгач отургуч аллеянын чыгыш бөлүгүндө, тагыраагы, Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишкен жерге жакын жайгашкан.

"Бала менен эшикте басып жүргөм. Көрүп алып, ачуум келгенин айтпагыла. Эгер кимдир бирөөлөр талкалап кеткен болсо, шаар бийлиги таап жазалашы керек", — деп жазган ал киши.

Ал башка отургучутар бүтүн экендигин кошумчалаган.

Ал эми "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева алардын кызматкерлери орунтукту оңдоо үчүн чыгып кеткенин билдирди.