Жогорку Кеңештин депутаттары Орозо айттан кийин иш ордуна келишпейт. Себеби

Депутаттардын иш графиги ЖКнын токтому менен кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Орозо айттан кийин аймактарда шайлоочулары менен жолугушат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мусулмандардын майрамы 5-июнда белгиленет. Бул күн өлкө аймагында дем алыш болуп эсептелет.

6-7-июндан кийин эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушуу үчүн аймактарга жөнөп кетишет. Депутаттардын иш графиги ЖКнын токтому менен кабыл алынган.