Ошто маршрутка менен унаа кагышты. Жеринен тартылган видео

Бүгүн, 1-июнда, Ошто эл ташып бараткан маршрутка менен Daewoo Matiz кагышты.
Sputnik

Түштүк магистралда минивэн оодарылып кетти. Сүрөт
Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркады. Окуянын видеосун күбө жиберди.

Ош ИИБден маалымдашкандай, жол кырсыгы саат 16.00дө Озгур айылынан анча алыс эмес жерде болгон. Жабыркаган төрт адамдын бири жеңил унаанын жүргүнчүсү, абалы оор.

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, кырсыкка жеңил унаанын айдоочусу күнөөлүү. Себеби ал рулда уктап кеткендиктен каршы тилкеге чыга калган.