Кыргыз-өзбек чек арасындагы ок атуу. Эки өлкөнүн мекеме башчылары жолугушту

Окуя Араван районунун Тогуз-Булак айылында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин командачысы Руслан Мирзаев 31-майда жолугуп, чек арада болгон ок атуу фактысын талкуулашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Чек арадан машинага төшөккө оронуп жашынган киши кармалды
Алардын жолугушуусу жума күнү болгон. Окуя Араван районунун Тогуз-Булак айылында катталган. Анда кыргызстандык чек арачылар чек аранын жанынан Өзбекстандан келген эки автоунааны тапкан. Алар аскерлердин токтогула деген буйругуна көнгөн эмес. Чек арачылар асманга эскертип ок атканы менен автоунаалар токтобой койгон. Ошондо кыргызстандык жоокерлер жүрүп бараткан унаанын дөңгөлөгүнө атканда өзбекстандыктардын бири жарадар болгон.

Эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчылары окуя болгон жерге барып, ал жактагы абалды талкуулашты. Ошондой эле иликтөөнү чогуу жүргүзүп, күнөөлүү адамдарды жоопко тартууну сүйлөшүштү.