Кубанган, суктанган, жылмайган балдар. Бишкектеги майрамдан көз ирмем

Sputnik

Sputnik Кыргызстан жүздөрүнөн күлкү кетпеген бөбөктөрдүн сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

Белгилей кетсек, Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы Женевада өткөн дүйнөлүк конференцияда негизделген.

1 / 13
Бишкек шаарынын жетекчилиги бул күндү утурлай көптөгөн маданий, көңүл ачуучу иш-чараларды уюштурду
2 / 13
"Эмен" багында "Баластан" программасынын алкагында көңүл ачуучу 50дөн ашык атайын аянттар жасалган
3 / 13
Балдар түрдүү конкурстарга катышып, өнөрлөрүн тартуулады
4 / 13
Бишкектин бир катар бөлүгүндө майрамдык жана спорттук иш-чаралар уюштурулган
5 / 13
Балдарды бүгүнкү майрамы менен мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы куттуктады
6 / 13
Кыргызстанда 1-июндан тарта балдарга болгон зомбулуктун алдын алуу боюнча улуттук "Тумар" кампаниясы башталды
7 / 13
Аны президент Сооронбай Жээнбеков менен БУУнун балдар фонду — ЮНИСЕФ колдоду
8 / 13
Аталган компания жыл аягына чейин уланат
9 / 13
Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы негизделген
10 / 13
Ал биринчи жолу 1950-жылы белгиленген
11 / 13
Бишкекте иш-чараларда балдар улуттук оюндарды дагы ойношту
12 / 13
Албетте, өз күчүн сыноону каалагандар үчүн да оюндар уюштурулган
13 / 13
Ар дайым ар бир үйдө баланын күлкүсү жаңырып турсун