Бүгүн Бишкекте 170 окуучу катышкан ири фестиваль өтөт

Фестивалда жаш лидерлер — мектептин президенттери чогулуп, талкуулап, Президентке жана Кыргызстан элине кайрылуу жазышат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Касымалы Баялинов атындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн китепканасында "Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын салымы" деп аталган балдар фестивалы өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Эрдоган кыргызстандык кыз менен чогуу ырдады. Анкарадагы фестивалдан видео
Иш-чарага Бишкектен жана региондордон келген, эл аралык жана өлкө ичиндеги мелдештерде ийгиликтерди жараткан таланттуу балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган балдар болуп баары 170 окуучу катышат.

Максат — Кыргызстандын балдарынын зор потенциалын көрсөтүү, алардын дараметин ачканга шарттарды түзүү.

Фестиваль эл аралык сынактардын жана мелдештердин жаш жеңүүчүлөрү тарабынан даярдалган чакан концерт менен башталат.

Иш-чара чыгармачыл, көңүл ача турган форматта өтөт. Искусствонун ар кандай түрлөрү жана робототехника, шахмат, химия, менталдык арифметика, таэквондо жана башкалар боюнча мастер-класстар уюштурулат. Атайын жасалган фотоаймакта балдар өзүн ар кандай образдарда сынап көрсө болот, тигил же бул кесиптин атмосферасына чөмүлүп кыялдана алышат. Президенттердин клубу өзүнчө иштейт, ал жерде жаш лидерлер - мектептин президенттери чогулуп, талкуулап, Президентке жана Кыргызстан элине кайрылуу жазышат.