Жалал-Абадда банкты тоноого аракет кылды деп шектелген адам кармалды. Сүрөт

Аталган факты боюнча Жазыктар кодексинин эки беренеси менен кылмыш иши козголду.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы банктардын бирине кол салды деп шектелген жаран кармалып, ага эки берене менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Жалал-Абадда банкты тоноого аракет кылды деп шектелген адам кармалды. Сүрөт

Ушул жылдын 25-май күнү Ленин көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринин имаратындагы сактык кассасына кол салуу болгон.

“Жашы болжол менен 20 менен 30дун ортосундагы жаран кара беткап кийип алып, банктын кароолчусун коркуткан. Бирок эч нерсе ала албаган бойдон качып кеткен”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад ОИИБинде ыкчам издөө тобу түзүлүп, көп өтпөй шектүү катары Сузак районунун 46 жаштагы тургуну кармалган. Ал жашаган үйдү тинтүү маалында короосунан бир тапанча менен 3 ок табылган.

Бишкекте кемпирди байлап алып кыйнап өлтүрдү дегендер кармалды. Сүрөт
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазыктар кодексинин 253-беренеси (Курал жарак жана ок дарыларды мыйзамсыз сактоо) жана 202-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду.

“Учурда шектүүнүн Борбор Азиядагы диний экстремисттик агымдарга тиешеси бар жана кылмыш жолуна алардын көрсөтмөсү менен барган” делген маалымат текшерилип жатат.

Бул айыптоого анын үйүнөн табылган диний экстремисттик багыттагы адабияттар себеп болду.

Шектелүүчү мурда Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен жоопкерчиликке тартылганы айтылды.