ЖМК: Түндүк Кореяда аткаминер менен ТИМ кызматкерлери өлүм жазасына тартылды

Бирок бир жагы ЖМК жазгандарына ачык далил келтире алган эмес. Мунусун алар Түндүк Кореянын жабык өлкө экени менен түшүндүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Түштүк Кореянын "Чосон ильбо" гезити Түндүк Кореяда Мамлекеттик кеңештин АКШ менен болгон саясатты жөнгө салуу боюнча өкүлү Ким Ён Чхоль өлүм жазасына тартылганын жазууда.

"Ханой шаарында өтө турган Америка-Түндүк Корея саммити үзгүлтүккө учурагандыгы үчүн Ким Ён Чхоль жана Тышкы иштер министрлигинин төрт кызматкери өлүм жазасына тартылган. Окуя март айында Пхеньяндан анча алыс эмес жердеги Мирим аэродромунда болгон", — деп жазылат гезиттеги макалада.

"Чоң атам диктатор". Саддам Хусейндин небереси Ирактан кантип качканын баяндады
Бирок бир дагы ЖМК жазгандарына ачык далил келтире алган эмес. Мунусун алар Түндүк Кореянын жабык өлкө экени менен түшүндүрөт.

Кызыгы, дүйнө ЖМКлары Түндүк Кореядагы өлүм жазалары тууралуу жазган маалыматтын бардыгы эле тастыктала бербейт. Айрым учурда өлтүрүлдү делген адамдар тирүү болуп чыга келет.

Мисалы, "Хён Сон Воль аттуу ырчы аял менен 11 музыкантты порнографиялык маанидеги продукция даярдагандыгы жана Библия алып жүргөндүгү үчүн атып салышкан" деген маалымат тараган. Бирок жарым жылдан кийин ошол эле ырчы мамлекеттик каналдан ырдап чыкканы айтылат.