Дүкөндөрдүн абийирин төккөн блогердин иши боюнча 4 милиционер иштен айдалды

Дагы алты милиционерге сөгүш берилди.
Sputnik

ОШ, 31-май – Sputnik. Өзүн блогер катары тааныштырган Бауржан Кадырбековдун кылмыш ишине байланыштуу Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн төрт милиционери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, дагы алты милиционерге сөгүш жарыяланган.

"Блогер Бауржан Кадырбековдун иши боюнча төрт милиция кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду. Алар кызмат учурунда милиция кызматкерлеринин атына шек келтирип, кызматтык этикага туура келбеген аракеттерди жасашкан. Ошондой эле ишине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн ушундай чечим кабыл алынды", — деди Аширбаев.

Өзгөндө дүкөндөрдүн абийирин төккөн блогер абактан чыкты. Элдешүү видеосу
Ал кошумчалагандай, Бауржан Кадырбековдун энеси УКМКнын Ош шаардык жана облустук башкармалыгына милиция кызматкерлерине каршы арыз жазган. Ал уулу Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирген. Учурда тергөө иштери башталды.

Эске салсак, блогер Өзгөн шаарында жайгашкан дүкөн ээлеринен акча талап кылган деп Жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча айыпталган. Өзгөн райондук соту блогердин баш коргоо чарасын тандап, бир айга камаган. Кийинчерээк ал Өзгөн райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан Ош шаарындагы №25 тергөө абагына которулган. Ал эми 18-майда кайра бошотулган.

Бауржан Кадырбеков 32 жашта, Мырза-Аке айыл аймагынын тургуну. Буга чейин өзүнүн YouTube каналындагы "Чындык маалымат KG" деген баракчасына Өзгөн шаарындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн видеосун жарыялаган.