Криминалдык милициянын жетекчисинин орун басарын кармоо учуру видеодо

Кармалган кызматкерге уюшкан кылмыштуу топ түзүү боюнча айып тагылууда.
Sputnik

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Чүй ОИИБинин Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басарын кармады.

Кадр Беловодское айылында тартылган. Бишкекте дагы өзүнчө атайын операция жүргүзүлүп, жетекчи орун басарынын бир тууганы да колго түшкөн. Ал Криминалдык милиция кызматында эмгектенет. Алардын жанынан травматикалык курал жана чолок мылтык табылган.