Радио

Бишкек казысынын орун басары Кадыр түндү кантип өткөрүш керектигин айтып берди

Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар Асатов Кадыр түндү эркектер жамаат менен мечитте, аялдар үйдө өткөргөнү дурус экенин айтты.
Sputnik
Бишкек казысынын орун басары Кадыр түндү кантип өткөрүш керектигин айтып берди

Рамазан айындагы Кадыр кечесин инсан кайрымдуулук иштерди жасоо менен өткөргөнү жакшы. Мындай пикирин Эрназар Асатов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул түнү ата-эненин ыраазылыгын алып, бир туугандар менен болгон мамилени бекемдеш керек.

"Бул Рамазан айындагы Кадыр түндү инсан жакшылык иштерди жасоо менен, Алла Таала ыраазы боло турган аракеттерди аткаруу менен өткөрүшү абзел. Ата-эненин ыраазычылыгын алып, аларды ыраазы кылып, бир туугандары менен болгон мамилени оңдогон дурус. Туура эмес иштерди жасагандан алыс болуп, эгер эки адам урушуп кеткенин билсеңиз, аларды жараштырып койгон оң. Жардам керек болгон адамдардын муктаждыгын камсыздап, окулбай калган намаздарды окуу менен өткөргөн жакшы", — деди Бишкек казысынын орун басары.

Асатов ошондой эле бул кечени шаан-шөкөт менен өткөрүү туура эмес экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү белгилене турганы маалым болгон.