Жээнбеков Нью-Делиде Нарендра Моди менен жолукту

Жээнбеков 30-май күнү Индияга Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурациясына катышуу үчүн барган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Дели шаарында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Жээнбеков 30-май күнү Индияга Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурациясына катышуу үчүн барган

Жээнбеков Нью-Делиде Нарендра Моди менен жолукту

Жээнбеков Нарендра Модини "Бхаратия Джаната парти" партиясынын парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши жана өзүнүн премьер-министр болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

"Шайлоолордун жыйынтыгы сиз жүргүзгөн олуттуу реформаларга жана аткарып жаткан маанилүү иш-чараларга Индия элинин көрсөткөн чоң ишенимин далилдейт. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук жана өз ара ишенимдүү кызматташтык үзгүлтүксүз бекемделет деген ишенимдемин" — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал Модини Кыргызстанда иш-сапары менен күтүп жатышканын эске салып, визит жогорку деңгээлде, жемиштүү жана ийгиликтүү өтөөрүнө ишенимин билдирди.

Индия өкмөт башчысы куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана Индия дос өлкөлөр экендигин баса белгиледи.