Мыйзамсыз байыды делген Дүйшөнбек Зилалиевдин иши сотко өттү

Прокуратуранын маалыматы боюнча, Зилалиев бир катар мамлекеттик жумушта иштеп, кирешесинен бир нече эсе көп болгон мүлктөрдү сатып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Башкы прокуратура мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин Биринчи Май райондук сотуна берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Эми УКМК үн катты. Зилалиевдин ячейкадагы акчалары тууралуу видеонун таржымалы
Прокуратура аткаминер мыйзамсыз жол менен байыган деген кине коюуда. Ага ылайык, Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде бир катар мамлекеттик кызматтарда — Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер-министр жана Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси болуп иштеп, расмий кирешесинен бир нече эсе көп мүлктөрдү сатып алган деп айыпталууда.

Зилалиев 2018-жылы 8-декабрда кармалган. УКМК анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар таап, үй-жайын тинтүүгө алганын айткан. Өз кезегинде Зилалиев ага коюлган айыптарды негизсиз жана жалган деп келет.