Догоев: IT адистери үчүн 2 миң доллар абдан аз айлык

Догоев мамлекеттик мекемелердеги IT адистер жеке компанияларга кетип калып жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев учурда IT адистери үчүн 2 миң доллар аз айлык экенин "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

MegaCom компаниясынын жетекчиси канча айлык аларын айтты
Жыйында комиссиянын мүчөлөрү "КТ Мобайлдын" айланасындагы иштер боюнча иликтеп, анын жыйынтыктарын карап жатат.

Талкууга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн мүчөлөрү катышууда.

Дастан Догоев Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 14-декабрындагы жыйынында санариптик технологияны киргизүү боюнча IT адистеринин маянасын карап чыгуу жана жеке тармактагылардын деңгээлине алып чыгуу боюнча тапшырма берилгенин эске салды.

"Мамлекеттик мекемелердеги адистердин баары кетүүдө, анткени жеке компанияларда айлык акы көп. Жеке тармакта ошол эле IT адистери эки эсе көп алып жатат. Эгер ушундай болуп жатса, бул тармакка адистерди кантип тартабыз, мамлекеттик башкаруу системасын кантип автоматташтырабыз? Чындыгында жеке тармакта 2 миң доллар - IT адистери үчүн аз айлык. Мисалы, Москвадагы алдыңкы компанияда иштеген IT адистери саатына 500 доллар алат, бизде болсо 5 долларга да жетпей жатпайбы. Анан кантип санариптештирүүнү ишке ашырабыз?" — деп Догоев суроо салды.

Ал ошондой эле бул маселени тез аранын ичинде чечип берүүнү талап кылды.