Бишкекте батирден өрт чыгып аял каза тапты

Октябрь районундагы батирдин балкону күйгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкекте батирден чыккан өрттүн айынан 46 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Окуя Көк-Жар кичирайонундагы №3 үйдүн батиринде болгон. Кырсыктын кесепетинен 15 чарчы метрлик балкон күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби — тамеки тартуудагы этиятсыздык.