Бурятия: балдар ойноп жатканда батут оодарылып кетти. Кырсыктын видеосу

Жергиликтүү ЖМКлар батуттун иштешине жоопкер болгондор ал жерден из жашыргандыгын жазды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бурятиянын борбору Улан-Уде шаарында катуу шамалдан улам балдар ойноп жаткан батут аңтарылып кеткен.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдиргенине караганда, катуу шамал аттракционду абага көтөрүп салган. Кайрадан жерге түшкөндө айрылып кетип, балдарды жаап калган.

Кырсыктын кесепетинен 3-7 жаш курагындагы беш бала жабыр тартып, алардын үчөө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Интернетте окуянын кандай болгонун НТВ каналы жарыялады. Кадрдан ата-энелер өйдө көтөрүлүп бара жаткан батутту кармаганга аракет кылганын көрүүгө болот.

Учурда окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп жатат. Батуттун иштешине жоопкер болгондор ал жерден из жашырган.

Тергөө комитети жаракат алган балдардын иши боюнча кылмыш ишин козгоду.