Түштүк магистралда минивэн оодарылып кетти. Сүрөт

Mercedes-Benz менен Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаалар кагышып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жукеев-Пудовкин менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа оодарылып калганын күбө Telegram каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасы аркылуу билдирип, сүрөтүн жиберди. 

Түштүк магистралда минивэн оодарылып кетти. Сүрөт

Бишкек ЖКККБ жол кырсыгы бүгүн, 30-майда, саат 11.15те болгонун маалымдады. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Токомбаев көчөсү менен баратып Жукеев-Пудовкинге бурулуп, Honda Stepwgn автосу менен кагышкан.

Анын кесепетинен минивэн капталына кулаган. Унаалар айып короого токтотулду.