Таласта "Чектөөсүз спорт" аталышындагы спорттук фестиваль өтөт

Аталган мелдеш ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо жана паралимпиадалык спортту өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Талас шаарында "Чектөөсүз спорт" аталышындагы спорттук фестиваль өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында парамарафон, армрестлинг боюнча мелдештер жана спорттун ар кандай түрү боюнча мастер-класстар уюштурулат. Парамарафончуларды колдоо максатында мелдешке дени-карды соо жарандар дагы катыша алат.

"Аталган мелдеш ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо жана паралимпиадалык спортту өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи аталгандар медаль, диплом жана баалуу белектерге ээ болору белгиленген.

Иш-чараны өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгү, аталган шаардын мэриясы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин Талас облустук башкармалыгы жана Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы, ошондой эле демөөрчүлөр уюштурду.