Мирзиёев Сирияга алданып кеткен 156 жаранын кайтарып алды

Согуш талаасындагы өзбекстандыктар атайын рейс менен Ташкентке жеткирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Гуманитардык "Жакшылык" операциясы ийгиликтүү аяктап, Сирияга алданып кеткен Өзбекстандын 156 жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Маалыматка караганда, жарандар бүгүн, 30-май күнү, атайын рейс менен Ташкентке учуп келишти. Буга чейин мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев  өзбекстандыктарды мекенине кайтаруу тапшырмасын берген болчу.  

Түрдүү себептерден улам согуш талаасына барып калган жарандарга эми өкмөт тарабынан психологиялык, медициналык жана материалдык жардам көрсөтүлөт.

"Мекенге кайтарылган жарандар коомго тез аралашып кетүүсү үчүн атайын социалдык программалар ишке ашырылат. Ошондой эле үй жана жумуш менен камсыз болушат", — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жарандарды кайтаруу операциясы адам укуктарын коргоо сферасындагы документтердин негизинде ишке ашырылган.