Sputnik Кытайдагы EXPO жарманкесинде КР павильонун жасалгалоого жардам берди

Иш-чара 24-26-май күндөрү Кытайдын Цзяочжоу Циндао шаарында өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу ШКУ өлкөлөрүнүн инвестиция жана соода боюнча Эл аралык жарманкесинин (EXPO) алкагында Кыргызстанды тааныштыруу зонасын даярдоого катышты.

Иш-чара 24-26-май күндөрү Кытайдын Цзяочжоу Циндао шаарында өттү.

Кыргызстандын павильонунда улуттук буюм-тайымдар, сувенирлер жана суусундуктар көрсөтүлдү. Стендде Sputnik агенттигинин фотокабарчысы Табылды Кадырбековдун сүрөттөрү пайдаланылды.

Sputnik Кыргызстандын жетекчиси мыкты сценаристке "Ак илбирс" сыйлыгын тапшырды
Жарманкеге Кыргызстандын атынан Экономика министрлигинин региондор аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Зайнидин Жумалиев барды. Ал кыргыз-кытай кызматташтыгы туураллуу доклад окуп, инвестиция тартуу максатында бир катар ири долбоорлорду сунуштады.

Sputnik Кыргызстан — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет сайттардан турган эл аралык ири ЖМКлардын бир бөлүгү. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт. Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат. Дүйнө жүзү боюнча 22 редакцияда ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет. Sputnik "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында.