Окумуштуулар чоң курсактан арылуунун эң оңой жолун айтышты

Сунушталган ыкманын эркектер үчүн натыйжалуураак экени белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Тынып-тынып жасалган машыгуулар курсактагы майдан арылууга чоң жардам берерин "Известия" жазды.

Диетасыз эле салмакты бир нормада сактоо жолдору белгилүү болду
АКШнын гериатриялык ассоциациясынын окумуштуулары эксперимент жүргүзүп, ага 70 жаштын тегерегиндеги 72 адам катышкан. Эки топко бөлүнүп, биринчисиндегилер он жума бою тынып жасалган машыгуулардын программасы менен көнүгүү жасашкан. Бир күндө үч жолудан 18 мүнөттө жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасап, бара-бара машыгуунун убактысы 36 мүнөткө чейин көбөйгөн.

Ал эми экинчи топтогулар көндүм жашоо менен жашашкан. Натыйжада биринчи топтогулар курсактагы майынын үчтөн биринен арылып тим болбостон, булчуң этин да өстүрүп алышкан.

Сунушталган ыкманын эркектер үчүн натыйжалуураак экени аныкталган.