Нур-Султан шаарында ЕАЭБдин мааракелик саммити башталды

Ага Кыргызстандын атынан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Казакстандын борбору Нур-Султанда Евразия экономикалык биримдигинин саммити башталды.

Жээнбеков Токаевди Кыргызстанга чакырды
Бул жолку иш-чара ЕАЭБ тууралуу келишимдин түзүлгөнүнүн 5 жылдыгына, Евразия экономикалык интеграция идеясынын 25 жылдыгына туура келди. Кыргызстандын атынан саммитке өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Күн тартибинде интеграция, макроэкономика, үч өлкө менен эл аралык экономикалык кызматташтык, соода, электр энергиясы, бажы тармагын жөнгө салуу, каржы саясаты, бирдиктүү рынок кызматтары, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдү санариптештирүү, өнөр жай тармагы, атаандаштык жана башка маселелер талкууланат.