Аялдын никабын чечүүсүн талап кылган дарыгер иштен алынды

Окуя Улуу Британияда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Улуу Британияда 23 жылдык тажрыйбасы бар дарыгер Кит Волверсонду мусулман аялдын укугун тебелеген деген кине менен иштен бошотушту. Бул туурасында The Mirror басылмасы кабарлаган.

Доктор ага бетин чүмкөгөн аял кызын көрсөткөнү алып келгенин, бөбөк тонзиллиттен жабыр тартканын айтып берген. Дарыгер оорунун симптомдору кызында качан байкала баштагандыгын сурап, бирок энесинен так жана түшүнүктүү жооп ала алган эмес. 

Египетте никаб кийүүгө тыюу салуу пландалууда
Мындан улам Волверсон аялдан бетиндеги вуалын чечип, дагы бир ирет суроосуна так жана түшүнүктүү кылып жооп берүүнү өтүнгөн. Келин анын өтүнүчүн унчукпай, нааразы болбой эле аткарган.

Бирок үйүнө баргандан кийин күйөөсүнө даттанып, үй-бүлө доктурдун "адепсиз жүрүм-турумуна" нааразы болуп, оорукананын жетекчилигине кайрылган.

Өз арызында жубайлар аталган дарыгер аялдан никабын чечүүнү талап кылып, антмейинче карабай турганын айтканын жазышкан. Кайрылуунун негизинде Улуу Британиянын Башкы медициналык кеңеши иликтөө баштаган.

Натыйжада Волверсон териштирүүнүн жыйынтыгын күтпөстөн эле дарыгерликтен кетүүнү чечкен. Ал мындай "акыйкатсыздыктан" медик болгусу келбей калганын айткан. Доктурдун айтымында, ушуга окшогон окуялардан улам жакын арада кесипкөй врачтар калбай калат.