БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп шайланган Эркин Чодуев буга чейин талапкерликке көрсөтүлгөн жаштар менен кызматташууга даяр. Бул туурасында ал парламенттен колдоо таап чыккандан кийин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Бүгүн депутаттар Чодуевдин талапкерлигин колдоп беришкен, тагыраак айтканда, 101 депутаттын бири да каршы добуш берген эмес.Эркин Чодуев мурда айыл чарба министринин орун басары болчу.
"Министрликке талапкерлигин койгон жаштар менен иштешүүгө даярмын. Расмий түрдө аларды кызматка чакырам. Бизде департаментте жана борбордук аппаратта кызмат орундары бар. Депутаттар белгилегендей, бизге жаңы кан керек. Алардын эмгегинин аркасы менен жаңы иштерди жасай алабыз", — деди Чодуев.
Мындан сырткары, социалдык тармактын колдонуучулары эки-үч адисти министрлик кызматка сунушташкан.