БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Депутат Исхак Масалев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кызматтан кетүү кезеги келди деген оюн ЖКдагы өкмөт жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин карап жатканда айтты.
Ага жооп берген премьер фейк маалыматтарга таянып, өкмөттү башкаруу туура эмес болот деп жооп берди.
"Ал жерде депутаттык комиссия иштеп, маалыматтын баарын тактап жатат. Коомубузда бири-бирибиз жөнүндө жакшы айткандар аз болууда. Ар бир айткан нерсе боюнча фейк маалыматтарга таянып жыйынтык чыгарып мамлекет башкарсак, туура эмес болуп калат. Премьер-министрдин күнөөсү болсо айтат, анда өзүм чечим чыгарам. Негизи жок болсо, сиздер калыс баа бересиздер деп ойлойм", — деди Абылгазиев.
Соӊунда Масалиев эгер өкмөт башчынын күнөөсү болсо жоопко тартылыш керектигин белгилеп, анын моралдык жоопкерчилиги боюнча сураганын эскертти.