Мэрия "Ала-Тоо" аянтына чиймелеп кеткен ээнбашты издеп жатат. Сүрөт

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таң эртеден бери ал жазууларды өчүрүүгө аракет кылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өткөн түнү Бишкектин "Ала-Тоо" аянтынын бир нече жерине белгисиз адамдар жазып кетишкен. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Учурда шаар жетекчилиги укук коргоо органдарынан ээнбаштык кылган кишини таап, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууну суранып жатат.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таң эртеден бери ал жазууларды өчүрүүгө аракет кылып, жууп жатышат. Шаарга кайдыгер карабагандар бул ишти кылышы мүмкүн делип жаткан адамдын социалдык тармактагы аккаунтун таап беришти", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мэрия шаардыктарды муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга жана Бишкекти жакшыртуу үчүн иштеп жаткандардын эмгегин сыйлоого чакырды.