Кара-Суунун Төлөйкөнүндө 7 жашар бала эки күндөн бери дайынсыз

Издөө иштери бүгүн да жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында 7 жашар бала эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ошто 10 жашар кыз каналга агып кетти
Жеткинчектин жоголгону тууралуу маалымат 27-май күнү саат 23.00дөр чамасында түшкөн. Туугандары бала Кайырма каналына түшүп кетиши мүмкүн экенин айтып, куткаруучулардан жардам сураган.

Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары менен ИИМ кызматкерлери тартылып, бирок натыйжа болгон эмес.

Маалыматта бала бүгүн да изделери айтылды.