Мектептин жанындагы мушташтан 16 жаштагы окуучу каза болду

Өспүрүм мушташтан жабыр тарткан. Ооруканага жеткирилип, эртең менен үзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкекте №48 мектепте окуган 9-класстын окуучусу каза тапканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман билдирди.

Бишкекте мушташмакчы болгон 18 окуучу кармалды
Анын айтымында, окуучу параллель класста окуган өзү теңдүү баланын колунан көз жумган.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, 28-май күнү саат 00.20да балдар клиникасына ур-токмокко алынган 16 жаштагы өспүрүм түшкөнү кабарланган. Териштирүү маалында бала 27-майда мектептин жанында болгон мушташтан жапа чеккени белгилүү болгон. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, эртең менен үзүлгөн.

Аталган факт 138-берененин («Денеге оор залака келтирүү») негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Милиция ушу тапта мушташка катышкандарды издеп, окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.