Жээнбеков Токаевди Кыргызстанга чакырды

Эки өлкөнүн башчылары Нур-Султанда жолугушту.
Sputnik

НУР-СУЛТАН, 28-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди расмий сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Назарбаев Сооронбай Жээнбековду орден менен сыйлады
Жээнбеков Казакстанга эки күндүк (28-29-май) жумушчу сапары менен барды. 29-майда Нур-Султанда ЕАЭБдин юбилейлик саммити өтөт. Иш-чара ЕАЭБдин беш жылдыгы жана Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгына арналган.

Жээнбеков Кыргызстан Казакстан менен болгон стратегиялык кызматташууну жогору баалай турганын айтып, эки өлкө жол картасын түзүп жатканын белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчысы Токаевди Кыргызстанга расмий сапары менен келип кетүүгө чакырды.