Көркөм сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев кызматтан кетти

Буга чейин аталган жайда жаңжал чыгып, ага директордун катыштыгы бар экени аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев отставкага кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Тарых музейи менен ипподром боюнча кылмыш иши бир ай ичинде сотко өтөт
Буга чейин аталган маданий жайда жаңжал чыгып, ага директордун да катыштыгы бар экени аныкталган.

Маалыматтарга ылайык, Шыгаев совет доорунда Третьяков галереясы жана Пушкин музейи тарабынан белекке берилген XIX кылымга таандык эки эмгекти өзүнө ыйгарып алган. Полотнолордун бири Николай Сверчковдун калемине таандык "Жылкы менен ит" болсо, экинчиси Бакуниндин портрети эле. Шыгаевдин айтымында, эмгектер сканерден өткөрүлүп, жабыркаган.

Экс-директор келтирилген зыяндын ордун өз чөнтөгүнөн толтуруп берүүгө милдеттендирилген.