БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Россиялык бизнесмен Михаил Гуцериев "Ты супер!" шоусунун финалына катышкан 12 балага бирден батир белек кылды. Бул тууралуу Sputnik жана RT агенттиктеринин башкы редактору Маргарита Симоньян Telegram-каналына жазган.
Ал өз сөзүндө "Ты супер!" Sputnik менен НТВ каналынын биргелешкен долбоору экенин белгилеген.
"Кечээ мурунку СССРдин аймагынан чогулган 12 жетим бала үчүн чыныгы керемет болду. Соңунда финалга чыккан 12 балага бирден батир берилди. Мындай белекти Михаил Гуцериев жасады. Жөн гана видеону көрүп көргүлө", — деп жазган Симоньян.
Гуцериевдин айтымында, батирлер долбоордун катышуучулары жашаган шаарда сатып алынмакчы.
Эл аралык "Ты супер!" сынагын НТВ каналы менен Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Россиянын Агартуу министрлигинин колдоосу аркылуу өткөрүп жатат. Ушу тапта үчүнчү сезону соңуна чыгууда. Биринчисинде сынакка Кыргызстандан Урмат Мырсаканов катышып, экинчи турдан кийин четтетилген. Ал эми экинчи сезону 2018-жылдын жаз айларында өттү.