Депутат: Санжар Мукамбетовдун министр болгусу келбей калды окшойт

Эл өкүлү талапкер башында суроолорго активдүү жооп берип жатса, аягында сүйлөгүсү келбей калганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев экономика министри кызматына көрсөтүлүп жаткан Санжар Мукамбетов азыр эле министр болгусу келбей калганын анын берген жоопторунан байкаганын айтты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин Регламенти боюнча комитети Мукамбетовдун талапкерлигин экономика министринин ордуна карап жактырды.

"Байкасам, Санжар Турдукожоевич кызматка баргысы деле келбей калды. Чын, өзүнөн байкап жатам. Адегенде тың жооп берип жатты эле, аягында такыр унчукпай калды. Эми бирок ага моюн сунбаш керек, атайын келе жаткандан кийин бул өтө чоң жана мазмундуу министрлик", — деди ал.

Парламентте Абылгазиев өзү алып келген кадрлар качып кетип жатканы айтылды
Депутат өкмөт башчыга кайрылып, талапкерге кандай талаптарды койгонуна кызыкты.

"Чынында министр болом деген талапкердин бир жылдык эле мөөнөтү бар, жаңы парламент келгенде өкмөт отставкага кетет. Анан кайра келер-келбесин бир кудай билет. Бир жылга кандай милдеттерди койдуңуз?", — деп депутат премьерге кайрылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Санжар Мукамбетов менен жолугуп сүйлөшкөндө көмүскө экономиканын деңгээлин кыскартуу боюнча негизги талаптар коюлганын белгиледи.