Жээнбеков майдын этеги менен үч өлкөгө барат. Тизмеси жана себеби

Үч мамлекетте тең маанилүү иш-чаралар өтмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 28-31-май аралыгында үч мамлекетке иш сапары менен бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент ЖК төрагасы, Жогорку Соттун төрайымы жана премьер менен жолукту
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыковдун айтымында, 28-29-май күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразиялык экономикалык кеңештин мааракеси өтөт. Анда Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулайт.

30-майда Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен аталган өлкөгө барып, лидердин инаугурация аземине катышмакчы.

Ал эми 31-май күнү Сауд Аравияга учат. Бул мамлекетке король Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакыруусу менен барып, Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине катышат.

Саммитинин кезектеги сессиясы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, "Келечек үчүн бирге" чакырыгы астында өтөт.