Назарбаев: кыргыздарды менден жакшы билген казак жок

Эл башы кыргыздар менен казактар бир тууган экендигин айткан.
Sputnik

НУР-СУЛТАН, 28-май — Sputnik. Казакстандын биринчи ажосу Нурсултан Назарбаев Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатып, кыргыздарга мамилеси кандай экендигин айтты.

Жээнбеков Токаевди Кыргызстанга чакырды
Эске сала кетсек, Жээнбековдун Казакстанга болгон жумуш сапары 28-майдан 29-майга чейин созулат.

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков "Ак Ордо" мамлекеттик резиденциясында коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев жана елбасы Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Ал эми эртең, 29-майда, Казакстандын борборунда Евразия экономикалык биримдигинин 5 жылдыгына жана Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгына арналган саммит өтөт.

Эл башы кыргыздар менен казактар бир тууган экендигин айткан.

"Кыргыздарды менден артык билген казак жок. Мен кыргыз элин жакшы көрөм", — деген Назарбаев.

Ал Бишкек шаарына менчик мектебин курууну пландап жаткандыгын айтты.

Жээнбеков мурдагы кесиптеши Назарбаев Борбор Азиянын өнүгүшүнө зор салымын кошкон деген пикирин айткан.