Радио

Жумабеков: Мамлекеттик Дума менен Жогорку Кеңеш тыгыз иштешип келет

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы кыргыз тараптагы кесиптештеринин пикирин четке какпай иш алып барарын айтты.
Sputnik
Жумабеков: Мамлекеттик Дума менен Жогорку Кеңеш тыгыз иштешип келет

20-майда Бишкекте болуп өткөн ЖККУнун Парламенттер Ассамблеясынын көчмө жыйынында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинге ал жактагы кыргызстандык эмгек мигранттарына жасалып жаткан жеңилдиктер үчүн ыраазычылык билдирдим. Бул тууралуу Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, Россияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарына Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен такси кызматына орношуу мыйзамын күчүндө калтырууну өтүнүп, Володинге төрага өзүнүн атынан кат жолдогон.

"Жолугушуунун алкагында бир топ маселелер талкууланып, буга чейинки аткарылган иштерге ыраазычылык билдирдим. Мисалы, алар эмгек мигранттарына байланыштуу кандайдыр бир мыйзамдарды кабыл алууда биздин жердештерибизге артыкчылыктарды берип келет. Айта кетсем, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен такси кызматына орношууга тыюу салуучу мыйзам долбоорун даярдап жатышканда, жеке өзүмдүн атымдан күчүндө калтырууну суранып кат жолдогом. Өтүнүчүмдү четке какпай мыйзам долбоорунун автору, депутат кайра чакыртып алган. Мындан сырткары, миграциялык каттоо процедураларын жеңилдетүү боюнча маселени да кыргыз тараптын өтүнүчүн четке какпай орундатты. Бул буга чейин жасалган иштер. Мындан кийин да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жемиштүү жыйынтыгына күбө болобуз", — деди Жумабеков.

Жумабеков: оор кылмыш кылгандарды шайлоого катыштырбоо мыйзамы биринчи окуудан өттү
Төрага, мындан сырткары, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында макулдашылган маселелер боюнча да сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 20-майда борбор калаада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттер ассамблеясынын кезексиз көчмө жыйыны болуп өткөн. Ага Россиядан, Тажикстан, Казакстан, Белоруссия жана Армениядан парламент төрагалары жана байкоочу катары Сербия өлкөсү катышкан. Жыйында аталган мамлекеттер аралык коопсуздук иштери, терроризмге каршы бирдиктүү күрөшүү маселелери талкууланган.