Кытайда 5-кабаттан кулаган бөбөктү Турганбек аттуу адам тосуп калды. Видео

Баланын кулап келе жатканын көргөн 28 жаштагы Тоник Турганбек аттуу жашоочу терезенин түбүн көздөй чуркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Көчөдөн кетип бара жаткан адам бешинчи кабаттан кулап келе жаткан баланы тосуп калды. Бул туурасында ChinaGlobalTVNetwork кабарлады.

Видео YouTube каналына жүктөлгөн.

Окуя Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда болгон. Эки жаш жети айлык бала кароосуз калгандыктан терезеден учуп кеткен. Анын терезенин кырына келип калганын көчөдө жүргөн улгайган адамдар байкап калып, алар келгенче кулаган.

Дал ошол маалда автоунаасын токтотуп жаткан 28 жаштагы Тоник Турганбек (Tonik Turghanbek) аттуу жашоочу тамдын түбүн көздөй чуркаган.

Бала кулап келе жатып, алгач кишинин көкүрөк жагына тийип, андан соң жерге түшкөн. Жогору жактан күү менен келген бөбөк тийгенде киши эсин жоготуп жыгылган.

"Бала кулап келе жатканда катуу жерге тийгизбей кармап калыш керек деген ойдон башка эч нерсе эсиме келген жок. Андан ары эмне болгонун билбейм, көзүмдү ачсам айланамда полиция кызматкерлери менен куткаруучулар жүрүптүр", — деп айтып берген Турганбек.

Окуя кырсыксыз аяктаганы менен дарыгерлер аларды жергиликтүү Или казак автоном аймагындагы Элдердин достугу ооруканасына жеткиришкен. Бөбөктүн олуттуу жаракат албаганы, ал эми Турганбектин бети жана колдору тытылып кеткенин айтышты.