Дастан Жумабеков Ирина Карамушкина эмне үчүн "унутта" калганын айтып берди

Төраганын айтымында, бардык аракеттер мыйзамдын негизинде жасаларын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринен эмне үчүн депутат Ирина Карамушкинанын 55 жылдыгы куттукталбай калганын түшүндүрүп берди.

Эске салсак, буга чейин жалпы жыйында эл өкүлү Карамушкина аны парламент 55 жылдыгы менен куттуктабаганын айтып, таарынычын билдирген болчу.

"Депутаттардын 50, 60, 70 жылдыгы куттукталат деген өзүбүздүн чечим бар. Ошонун негизинде Каныбек Иманалиевдин 50 жылдыгын куттуктадык. Эрежени Карамушкина билбей калса керек. Кийин барып баарын түшүндүрдүк, ал туура кабыл алды. Бизде бөлүү деген нерсе жок, бардыгына бирдей мамиле жасалат", — деди ал.

Төрага, андан сырткары, Жогорку Кеңештеги 120 депутат мыйзамда каралган бардык укуктарынан бирдей пайдалана турганын кошумчалады.

Жумабеков өз сөзүндө ага эл өкүлдөрүнүн туулган күндөрү жана аларга тиешелүү бардык маалыматты Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы берип турарын айтты.