Парламент комитети Догоевди Байланыш комитетинин жетекчилигине жактырды

Дастан Догоев учурда президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бош турган министрлик орундар менен башка кызматтарга талапкерлерди кароодо.

Абылгазиев бош турган министрликтерге талапкер сунуштады. Алар ким?
Эске салсак, аталган комитет Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Дастан Догоевдин (учурда КР президентинин кеңешчиси) талапкерлигин жактырды.

Талкуу учурунда комитетке мүчө депутаттар өздөрү кызыккан суроолорду берди.

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, Догоев тууралуу депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү баяндама жасайт.