Бишкекте люктун капкагына урунган унаа оодарылып кетти. Окуянын видеосу

Капкагы чала жабылып калган люктун айынан кырсыктаган унаа видеого түшүп калган.
Sputnik

Тасманы жабыркаган айдоочунун туугандары берди. Окуя 25-май күнү Салиев көчөсүндө (Ауэзовдон алыс эмес жерде) болгон. Айдоочунун мээси чайкалып ооруканага түшкөнү айтылды.

Бишкекте эл ташыган маршрутка кырсыктап, арыкка кирип кетти. Сүрөт
Видеодо көрүнүп тургандай, унаа люктун үстүнөн өткөндөн кийин оодарылып кеткен.

Жабыркаган кишинин жубайынын айтымында, унаа чала жабылган люктун капкагына урунгандыктан кырсыктаган. Муну жолдошу өзү дагы тастыктаганын билдирүүдө.

Аял люкка жоопкерчиликтүү тарапты аныктап, аларды сотко берүүгө камынып жатканын белгиледи.