Иш-чара жыл сайын 28-майда белгиленген чек арачылардын күнүнө карата өткөрүлдү. Жоокерлер Даир Асанов атындагы сейил бакта басышты.
Иш-чарага Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамы, ардагер чек арачылар, "Бөрү" отряды, Ардак кароолдун ротасы, Улуттук гвардиянын аскердик оркестри жана Чек ара кызматынын ансамбли катышты.