Радио

Шайырбек кызы: айылдагы китепканаларды жаштар өнүктүрсө болот

"Бир адамдан бир китеп" долбоорунун демилгечиси Нуриза Шайырбек кызы бул долбоор максаты бир, дымагы күчтүү жаштарды бириктирип жатканын белгиледи.
Sputnik
Шайырбек кызы: айылдагы китепканаларды жаштар өнүктүрсө болот

Аталган долбоорго катышуу менен жаштар өзүнүн туулуп-өскөн айылындагы китепканаларды өнүктүрүүгө салым кошо алат. Бул тууралуу Нуриза Шайырбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Бир адамга бир китеп" долбоору элге кызмат кылам деген улан-кыздардын демилгеси менен уюштурулган.

"Бул долбоор элиме кызмат кылсам экен, элим үчүн пайдам тийсе экен деген жаштардын демилгеси менен уюштурулган. Өзүм китеп дүкөндөрүндө, базарда китеп сатып иштеп жүрчүмүн. Долбоордун уюштурулганын социалдык тармактар аркылуу билип калып, дароо кошулууну чечтим. Ар бир айылдан 2-3төн жаштар иштесе деле китепканалар өнүгөт. Мындай иш-чаранын жыйынтыгында туулуп-өскөн айылыма бир күндө эле китепкана ачууга жетиштик. Китепкананын ачылышына Нуржигит Кадырбеков агайды алып барганбыз. Башында эл келбей коет го деген коркунуч болду, бирок, тескерисинче, бизди колдогондордун арбын экенин көрө алдык", — деди Шайырбек кызы.

Ошондой эле ал алдыда дагы башка айылдарда китепканалар ачыла тургандыгын кошумчалады.