Улуттук филармонияны оңдоо аяктады. Сүрөттөр

Июнь айында боло турчу Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин негизги бөлүгү филармонияда өтмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратындагы оңдоп-түзөө толугу менен бүткөрүлдү. Фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүүчү, жылытуучу системалар, артисттердин грим бөлмөлөрү жакшыртылды. 

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков филармониянын абалы менен таанышканын мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президентке имараттагы жүргүзүлгөн иштер тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов айтып беришти. Айланасындагы аймакты жакшыртуу боюнча маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов берди.

Филармониянын айланасы жакшыртылып жатат. Сүрөттөр
Жээнбеков имаратты карап чыккандан кийин борбор калаанын маданият объектилерине мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Ал эми  Жаманкулов учурда сметалык документация жыйынтыкталып, Опера жана балет театры, Кыргыз улуттук академиялык жана Орус драма театрларынын оңдоо иштерине тендер жарыяланганын айтты.

Эске салсак, быйыл 14-15-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити болуп, негизги иш-чара Улуттук филармонияда өтөт.