Кыргызстандык жарандын "шпиондордун" жабдуусу менен кармалган видеосу

Тыюу салынган каражаттар кыргызстандык кишинин үйүнөн табылган.
Sputnik

Кыргызстандык К.Д. аттуу кишинин үйүнөн өлкө аймагында тыюу салынган маалыматтарды жашыруун алуучу техникалык жабдуулар табылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Атамбаев кайтаруусуз калдыбы? УКМКнын жообу
Ведомствонун маалымат кызматы тараткан сүрөттөрдөн кичинекей видеокамераларды жана башка түрдүү каражаттарды көрүүгө болот.

Аталган техникалар К.Д. аттуу жарандын үйүнөн 25-майда табылган.

Учурда экспертиза дайындалып, 252-берене менен козголгон кылмыш иштин ("Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу") негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.