Президент ЖК төрагасы, Жогорку Соттун төрайымы жана премьер менен жолукту

Жээнбеков сот-укуктук реформа жүргүзүү зарылдыгын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилерин өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.

Жээнбеков эки министрди иштен алды
Мындан тышкары, актуалдуу маселелердин бири катары сот-укуктук реформа жүргүзүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын кошумчалаган.

Мамлекет башчысы экономика, сот-укуктук чөйрөлөрүндө, шайлоо системасындагы реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун дыкат кароо жана кабыл алуу маанилүү экенин дагы айткан.