Шейшембиге карата аба ырайы

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. 28-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +27…+32, Таласта +26…+31, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +27…+32 градуска жетет. Ысык-Көлдө +16…+21 жана Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +30…+32, Бишкекте +29…+31 градуска көтөрүлөт.